Салык кызматы 5 айда 18,6 млрд сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту
- 2 года мурун
Мамлекеттик салык кызматы январь-май айларында 18 миллиард 641,6 миллион сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
План 2,8 пайызга же 501,6 миллион сомго ашыгы менен аткарылды.
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 3 миллиард 473,7 миллион сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 122,9 пайыз).
Муну бөлүшүү