Салык кызматы 4 айда 14,4 миллиард сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту
- 2 года мурун
Салык кызматы 4 айда 14,4 миллиард сом камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултту. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, белгиленген план 3,6 пайызга же 495,5 миллион сомго ашыгы менен аткарылды.
2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу камсыздандыруу төгүмдөрү 2 миллиард 430,4 миллион сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 120,2 пайызы).
Муну бөлүшүү