Салык кызматы 11 айда 185,8 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады

  • 2 года мурун

Мамлекеттик салык кызматы 11 айда 185,8 миллиард сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз кызматынан билдришти.

Январь-ноябрь айларында Мамлекеттик салык кызматы 185 миллиард 848,9 миллион сом салык жана камсыздандыруу төгүмдөрүн жыйнады. Бул өткөн жылдын көрсөткүчүнөн 55,8 миллиард сомго көп.

Анын ичинде 140 миллиард 685 миллион сом салык жана төлөмдөр чогултулду. Белгиленген план 569,2 миллион сомго ашыгы менен жыйналды. 2021-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 44 миллиард 965,5 миллион сомго көп чогултулду (өсүү ыргагы 147 пайыз).

Камсыздардыруу төгүмдөрү боюнча чогултулган сумма 45 миллиард 163 миллион сомду түздү. План 1 миллиард 423 миллион сомго ашыгы менен аткарылды. 2021-жылдын 11 айына салыштырмалуу 10 миллиард 898,1 миллион сомго көп жыйналды (өсүү ыргагы 131,8 пайыз).

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты