Салык декларациясын тапшырбаган жана туура эмес тапшырган 1510 кызматкерге 6 млн сомдон ашык айып пул салынды

  • 1 неделя мурун

2023-жыл үчүн бирдиктүү салык декларациясын тапшырбаган, белгиленген мөөнөттү бузуу менен тапшырган жана туура эмес маалыматтарды көрсөткөн жалпы 2 511 кызматкер аныкталган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, прокуратура органдары ушул жылдын 9 айында мамлекеттик кызматкерлер жана муниципалдык кызматкерлер тарабынан кирешелер, чыгымдар, милдеттенмелер жана мүлк жөнүндө маалыматтарды камтыган бирдиктүү салык декларациясын тапшыруусуна карата текшерүү жүргүзүшкөн.

Жыйынтыгында, аталган 2 511 кызматкерге Укук бузуу жөнүндө кодекстин 438-беренесинин негизинде иш козголуп, андан ары сот органдарына кароо үчүн жиберилген. Алардын ичинен 1 510 кызматкерге 6 млн. 40 миң сом айып пул салынган. Ал эми калган кызматкерлердин иши кароо стадиясында экендиги айтылды.

Сүрөт: интернет булактары

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты