«Салык чек» тиркемеси аркылуу лотереянын катышуучуларынын 4,7 миң даттануусу иштелип чыкты

  • 2 года мурун

«Салык чек» тиркемеси аркылуу лотереянын катышуучуларынын 4,7 миң даттануусу иштелип чыкты. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти.

Мамлекеттик салык кызматынын «Чек талап кылып, байге утуп ал!» кызыктыруучу лотереясы расмий ишке киргенден тартып (10-майдан бери) анын катышуучуларынан “Салык чек» мобилдик тиркемеси аркылуу 4 миң 739 даттануу келип түшкөн.

Көпчүлүк даттануулар кассалык чектин берилбегендиги жана ККМдин жоктугу, ошондой эле тиркеменин иштеши (чектерди иштеп чыгуу жана билеттерди берүү) боюнча болгон.

Келип түшкөн кайрылуулардын ичинен 3 миң 927 даттануу иштелип чыкты. 212 субъектке ККМди колдонбогондугу жана чек бербегендиги үчүн административдик айып салынды.

Ал эми даттануулардын калган бөлүгү кассалык чек бербеген субъекттин дарегин же аталышын көрсөтпөгөндүгүнө, ошондой эле темадан тышкары кайрылууларга байланыштуу каралган эмес.

Эскерте кетсек, бүгүн Салык кызматынын лотереясына 58 миң 608 адам катышууда. Алар 3 млрд сомдон ашык кассалык чектерди сканерден өткөрүшкөн. Катышуучуларга утушка катыша турган 2,9 млн электрондук лотереялык билеттер (ID номер) ыйгарылды.

Биринчи утуш 2022-жылдын 1-июлунда Ала-Тоо аянтында ойнотулат, анда көрүүчүлөр шаңдуу концертке жана кызыктуу шоу-программага күбө болушат.

Биринчи турда бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен 2 автомобиль, 10 iPhone, 10 смартфон, 25 ар кандай тиричилик техникасы жана башка баалуу байгелер ойнотулат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты