Салмак-габариттик көзөмөл бекеттеринин бир катар кызматкерлери кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) оор жүк ташуучу унаалардын айдоочуларынан белгиленген салмак-габариттик ченемдерди бузган транспорт каражаттарын тоскоолдуксуз өткөрүү үчүн системалуу түрдө акча талап кылуу фактыларын аныктады.

28-октябрда УКМК кызматкерлери тарабынан Чүй облусундагы беш салмак-габариттик көзөмөл бекетинде бир катар кызматкерлер кармалды жана УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

“Аныкталган коррупциялык схема белгиленген ченемдерди бузган оор жүк ташуучу унаалардын көзөмөлсүз өтүшүнө шарт түзүп, автомобиль жолдоруна жана мамлекеттин кызыкчылыктарына зыян келтирүү коркунучун жараткан” деп айтылат маалыматта.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты