“Салимбай байбача” атыккан кримтөбөл, өзбекстандык ишкер Салим Абдувалиевге издөө жарыяланды

  • 1 месяц мурун

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) «Братский круг» эл аралык кылмыштуу тобуна кирген Камчы Көлбаевдин «Мыйзамдагы ууру» уюшкан кылмыштуу тобунун ишин Өзбекстан ири ишкерлеринин бири жана кылмыш дүйнөсүнүн лидери Салим Абдувалиев каржылаганы аныкталды деп, ага издөө жарыяланды.  

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.  

Салим Абдувалиев — «Салимбай байбача» деп аталган криминалдык авторитет, Өзбекстандын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн формалдуу эмес лидери, 2024 –жылы ок атуучу куралды мыйзамсыз сактагандыгы үчүн Өзбекстандын сот органдары тарабынан соттолгон.

Маалыматта айтылгандай, Абдувалиев Өзбекстанда кылмыштуу топтордун лидери болуу менен бирге КМШ өлкөлөрүнө да түздөн-түз таасирин тийгизип,  баңги каражаттарды Европа өлкөлөрүнө мыйзамсыз ташуу каналдарын уюштуруп,  «Мыйзамдагы ууру» К. Асанбек менен байланыш түзүп, системалуу түрдө материалдык жардам көрсөтүү аркылуу, анын КР криминалдык дүйнөсүнүн, ошондой эле Орто Азия өлкөлөрүнүн аймагында, региондун башка таасирдүү криминалдык авторитеттеринин арасында лидер болуп калуусуна өз колдоосун көрсөткөн.

Чогултулган материалдардын негизинде С.Абдувалиевге Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунун токтому менен сыртынан камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалып алынды. Мындан тышкары кылмыш жоопкерчилигине тартуу үчүн мамлекеттер аралык жана «Интерпол» улуттук борбордук бюросунун линиясы боюнча издөө жарыяланды.

Атайын кызмат 4-октябрда Бишкекте “кримчөйрөнүн анабашы” аталган Камчы Көлбаев (Камчыбек Асанбек) атайын операция маалында өлтүрүлгөнүн ырастаган. Көлбаевди кармоо операциясы ишкерлердин өзгөчө ири өлчөмдө мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу фактыларына жана “Дөө” каймана аты бар Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүнү уюштурууга катышы бар деген арыздарга байланыштуу жүргөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) атайын операция учурунда өлтүрүлгөн Камчы Көлбаевдин 1 миллиард долларга бааланган мүлктөрүн коомчулукка жарыялады.

Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотунда “Кылмыштуу жол менен алынган кирешелерди мыйзамдаштыруу (адалдоо)” беренеси менен козголгон иш жана Мая Алиевага катталган 13 мүлк боюнча соттук териштирүү уланууда.

Сүрөттө: Салимбай байбача жана Камчы Көлбаев. УКМК басма сөз кызматы тараткан сүрө

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты