Саламаттыкты сактоо министрлигинин окуу жайлардан лицензияны чакыртып алууга укугу барбы? (Фактчекинг)

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков маалымат жыйында Алымкадыр Бейшеналиевдин медициналык окуу жайлардын лицензиясы боюнча буйругу жокко чыгарылганын айткан. Ал айрым медициналык окуу жайлардын лицензиясын жокко чыгаруу процессин токтотконун билдирген. Анын айтымында, Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензия берүү же чакыртып алуу укугу жок.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин окуу жайлардан лицензияны чакыртып алууга укугу барбы? (Фактчекинг)

“ПолитКлиника” медиасы Жаркынбек Касымбековдун “Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензия берүү же чакыртып алуу укугу жок” деп айтканын текшерип көрдү.

Алымкадыр Бейшеналиевдин медициналык окуу жайлар боюнча реформасы

Саламаттыкты сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиев быйыл февраль айында саламаттыкты сактоо тармагындагы реформалардын алкагында талапка жооп бербеген бир катар медициналык окуу жайларын жабыла турганын билдирген. Аталган министрлик тараптан түзүлгөн комиссия медициналык окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерген. Алар 12 медициналык коллеж талапка жооп бербейт деген чечим чыгарган. 

12 окуу жайдын тизмеси:

  • Ош облустук медициналык колледжи;
  • К.Ш.Токтомаматов атындагы эл аралык медициналык колледжи;
  • «Авиценна Билим» медициналык колледжи;
  • Пирогов атындагы медициналык колледжи;
  • «Уникум» кыргыз медициналык-социалдык колледжи;
  • Ысык-Көл медицина жана стоматология колледжи;
  • Кочкор-Ата облустук колледжи;
  • ИСИТО медициналык колледжи;
  • «Дулдул Тоо» Араван колледжи;
  • С. Тентишев атындагы АзМИ медициналык колледжи;
  • МУНИБ медициналык колледжи;
  • Медицина жана фармация колледжи.

Министрлик тарабынан чара көрүү үчүн Билим берүү жана илим министрлигине расмий кат жөнөтүлгөн. Билим берүү жана илим министрлиги бул окуу жайларды жабууга эч кандай мыйзамдуу негиздер жок экенин билдирген.

Лицензия соттун чечими менен жокко чыгарылат

“Кыргыз Республикасынын лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө” мыйзамында дагы берилген лицензия кандай учурда жокко чыгарылары жазылган. Анда лиценция соттун чечими менен жокко чыгарыла турганы көрсөтүлгөн.

Саламаттыкты сактоо министрлигинин окуу жайлардан лицензияны чакыртып алууга укугу барбы? (Фактчекинг)

Жогорудагы мыйзам боюнча Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензияны чакыртып алууга укугу жок.

Жыйынтык: Саламаттыкты сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков Алымкадыр Бейшеналиевдин медициналык окуу жайлардын лицензиясы боюнча буйругу жокко чыгарылганын, Саламаттыкты сактоо министрлигинин лицензия берүү же чакыртып алуу укугу жок экенин айткан. Анын министрликтин лицензияны жокко чыгаруу укугу жок экенин айтканы чындык.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты