Саламаттык сактоо системасына 107 даана автотранспорт берилди

  • 8 месяцев мурун

Саламаттык сактоо системасына 107 даана автотранспорт берилди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жалпы суммасы 3 миллион долларды түзөт.

«Бүгүнкү иш-чаранын себеби — экономикалык жана стратегиялык өнөктөшүбүз Орусияны колдоосу менен «COVID-19 кесепеттерине ыкчам чара көрүү» долбоорунун алкагында жалпы суммасы 3 миллион доллар болгон 107 унааны тапшыруу. Белгилей кетсек, 3 жылдын ичинде 335 жаңы тез жардам унаалары, ошондой эле санитардык унаалар алынды. Албетте, элдин бакубаттуулугу, мамлекеттин экономикалык өнүгүүсү саламаттык сактоо системасынын туура уюштурулушунан көз каранды. Коронавирустук пандемия дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде биздин өлкөнүн саламаттык сактоо системасынын бардык алсыз жактарын көрсөттү. Ооруканаларыбыздын, поликлиникаларыбыздын материалдык-техникалык базасын жакшырта баштадык жана көптөгөн атайын жабдыктарды сатып алуудабыз», — деди Акылбек Жапаров.

Анын айтымында, жыл сайын сасык тумоо сыяктуу сезондук жана түрдүү вирустук инфекциялардан улам көптөгөн ооруканалар, анын ичинде балдар ооруканаларында да керебеттер жетишпей калууда. Бул жагдайда КР Министрлер Кабинетинин башчысы Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге өз убагында жана тийиштүү чараларды көрүү, жарандарды тейлөө жана квалификациялуу дарылоо үчүн медициналык бригадаларды же адистештирилген бөлүмдөрдү түзүү боюнча так тапшырмаларды койду.

Маалымат үчүн: Саламаттык сактоо министрлигине жалпы суммасы 3 000 000 долларга 47 даана тез жардам унаасы, 35 даана седан кузовдуу санитардык транспорт, 19 даана минивен кузовдуу транспорт, 4 даана сөөк ташуу үчүн адистештирилген транспорт жана 2 даана дезинфекциялоочу унаа алынды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты