Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги Эрнст Акрамов менен жолугушту

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министринин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков жана министрдин орун басары Улан Садыков Чүй облустук бириккен ооруканасына барышты. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Ооруканага болгон иш сапарда алар Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор Эрнст Акрамов менен жолугуп, баарлашып, ден соолугунан кабар алышты.

Андан соң кардиология, хирургия №1, 2, терапия жана неврология бөлүмдөрүн текшерип, кызматкерлер менен баарлашып, орун алган көйгөйлөрдү угушту. Ошондой эле оорукананын аймагын көрктөндүрүү иштери менен да таанышышты.

Башкы дарыгер Алмаз Назарбек уулу оорукананын имараттарынын бирине капиталдык оңдоодон өткөрүү үчүн 2,8 миллион сомго тендер өтүп жатканын, 5-6 миллион сомго медициналык жабдууларды алуу иштери жүрүп жатканын белгиледи. Бирок ал оорукананын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү, ошондой эле жогорку технологиялык операцияларды жүргүзүү үчүн жабдууларды сатып алуу зарылдыгын белгиледи.

Министрдин милдетин аткаруучу Жаркынбек Касымбеков иш сапардын жыйынтыгында республикада азыркы убакта талапка жооп бербеген бир катар саламаттык сактоо уюмдары бар экенин айтып, ошол себептен КР Саламаттык сактоо министрлиги учурда Министрлер Кабинетинин тапшырмасы боюнча жаңы көп тармактуу клиникаларды куруу долбоорлорунун үстүндө иштеп жатканын, анда медицина кызматкерлеринин ишине жана оорулууларды дарылоо учун бардык шарттар түзүлөрүн белгиледи. Ал ошондой эле республиканын калкынын жашоо сапатын жакшыртуу жана ден соолугун сактоо максатында жасалып жаткан иштер үчүн коллективге ыраазычылык билдирди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты