Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы лицензиясы жок 26 косметологиялык мекемени аныктады

  • 8 месяцев мурун

Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы Бишкек шаарында лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык мекемени аныктады. Бул тууралуу аталган министрликтин басма сөз кызматынан билдиришти.

16-17-ноябрда Саламаттык сактоо министрлигинин комиссиясы тарабынан Бишкек шаарында мыйзамсыз түрдө медициналык иш-аракеттерди (косметологиялык процедуралар) жүргүзгөн сулуулук салондоруна/кеңселерге текшерүү жүргүзүлдү.

Текшерүүнүн жүрүшүндө тиешелүү лицензиясы жок иштеген 26 косметологиялык салон/кеңсе аныкталып, 84 миң сом айып пул салынды.

Аталган косметология мекемелери Саламаттык сактоо министрлигинин лицензиясы жок иштеп, тиешелүү уруксаат кагаздары жок мыйзамсыз иш-аракеттерди, мыйзамсыз дарыгерлик менен алектенип, медициналык манипуляцияларды жана хирургиялык кийлигишүүлөрдү жүргүзүшкөн.

Калктын саламаттыгын сактоо, ошондой эле сапатсыз медициналык жардамды болтурбоо максатында Саламаттык сактоо министрлиги медициналык ишти жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан берилген тиешелүү лицензиясы бар жеке медициналык уюмдарга кайрылууну сунуштайт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты