Саламаттык сактоо министрлиги Түркиядан дары-дармек алып келүүнү макулдашты

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги дары-дармек жана медициналык шаймандарды алып келүү боюнча Түркия менен келишим түздү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, жогорудагы келишим саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевдин Түркияга иш сапарынын алкагында жетишилген.

«Бул Украинада болуп жаткан кырдаалга байланыштуу дары-дармек рыногун толуктоого мүмкүнчүлүк берет», — деп жазылат маалыматта.

Бейшеналиев 17-мартта Түркияда кесиптеши Фахреттин Кожа менен жолугушкан.

14-мартта Жогорку Кеңештин комитетинин жыйынында дары-дармек менен камсыз кылуу департаментинин башчысы Нурдин Кагаздиев Кыргызстанга дарылардын 5% Украинадан, 16% Орусиядан алып келинерин белгилеген. Ал Кыргызстандын фармацевтика фирмаларында эки-үч айга жете турган запас бар экенин айткан.

Буга чейин Орусиянын Украинага басып киришинин артынан Кыргызстандагы дары-дармек базарында кырдаал оорлогону 2-мартта дары коопсуздугуна байланыштуу саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев өткөргөн кеңешмеде айтылган. Анда Фармацевтика бирикмесинин жетекчиси Эрнис Асанов Кыргызстанга 30дан ашуун өлкөдөн дары-дармек жана медициналык каражаттар импорттолорун, анын 60% жакыны Орусия менен Украинага таандык экенин белгиленген.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты