Саламаттык сактоо министрлиги мектептерде кышкы каникулду узартууну сунуштады

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министрлиги катаал аба ырайына байланыштуу окуучулардын кышкы каникулун 16-январга чейин узартууну Билим берүү жана илим министрлигине сунуштады. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Билим берүү жана илим министрилигинин басма сөз кызматы бул маселени мекемелер аралык комиссия карап жатканын, чечим 10-январга чейин кабыл алынарын маалымдады.

Кыргызгидрометеорология агенттиги 9-январдан тарта бир апта бою Кыргызстанда абанын температурасы кескин төмөндөй турганын, сууктун күчү -20… -38 градуска чейин жетерин эскертип жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты