Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси бир айга үй камагына алынды

  • 2 года мурун

Саламаттык сактоо министринин кеңешчиси Мээрим Тилекова бир айга үй камагына алынды. Бул тууралуу 24.kg басылмасы Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидиновдун маалыматына таянып жазды.

Камолидинов Каракол шаардык сотунун 19-майда кабыл алынган бул токтомуна карата Ысык-Көл облустук сотуна апелляциялык арыз берилгенин билдирген.

Мээрим Тилекова 17-майда УКМК тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренесинин (Опузалап пара алуу) негизинде кармалган.

Министр Алымкадыр Бейшеналиев 12-майда Жети-Өгүздө медайымдардын кесиптик майрамына карата кафеде иш-чара өткөнүн, мурда орун басарынын катчысы болуп иштеп кеткен Тилекованы УКМК кызматкерлери ошол жерден кармап кетүүгө аракет кылганын, ага карата күч колдонуу коркунучу болгонун билдирген.

13-майда УКМК Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо боюнча координатору 100 500 сом пара алып жаткан жеринен кармалганын жарыялаган. Министр ал акчаны медайымдар кафеге чогултканын айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты