Сахалин соту Орусиянын аймагынан кыргызстандык мигранттарды депортациялады

  • 2 года мурун

13-ноябрда Орусиянын Сахалин облустук соту кыргызстандык жана тажикстандык мигранттарды аталган өлкөдөн депортациялаган чечим чыгарды. Бул тууралуу Sakh.Online медиасы Орусиянын Сахалин облусу боюнча Федералдык сот аткаруучулар кызматына таянып, жазды.

Маалыматта айтылгандай, Сахалинге акча табууга барган мигранттардын миграциялык карталарынын жана каттоосунун иштөө мөөнөтү өтүп кеткен. Ошондой эле алардын патенттери же эмгек келишимдери жок болгон.

Сот мигранттарды Орусиянын аймагынан күчтөп чыгаруу жана өлкөгө 5 жылга кирүүгө тыюу салуу чечимин чыгарган.

«Тартип бузгандар Орусиянын Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексинин 18.8-беренесине ылайык – Орусия Федерациясына кирүү жана жүрүү эрежелерин бузуу менен административдик жоопкерчиликке тартылды. Алардын ар бирине эки миң рублдан айып пул салынган»,- деп айтылат кабарда.

Сүрөт: Sakh.Online

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты