Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун кол жазмасы ЮНЕСКОго кирди

  • 1 год мурун

Манасчы Сагымбай Орозбаковдун вариантындагы “Манас” эпосунун кол жазмасы ЮНЕСКОнун материалдык эмес мурастар тизмесине кирди. Муну тастыкаган сертификатты аталган уюмдун башкы директору Одрэ Азуле президент Садыр Жапаров менен жолукканда тапшырганын мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилей кетсек, өлкөгө расмий сапар менен келген ЮНЕСКОнун башкы директору Одрэ Азулени президент Жапаров кечээ, 8-июнда кабыл алган.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин алдын алуу, маданий жана тарыхый мурастарды сактоо жана өнүктүрүү жаатында кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашкан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты