«Садырбек, Камчыбек, Ынтымак». Бишкекте үч эм төрөлүп, экөөнө президенттин жана УКМК башчысынын ысымы ыйгарылды

  • 2 года мурун

Бишкектеги Улуттук перинаталдык борбордо үч эм төрөлүп, алардын бирине президент Садыр Жапаровдун урматына Садырбек, экинчисине УКМК башчысы Камчыбек Ташиевдин атынан Камчыбек деген ысым ыйгарылды. Үчүнчү уулга Ынтымак деген ат берилген.

24.kg аталган мекеменин жетекчиси Айгүл Жайлообекованын маалыматына таянып, балдар 25-ноябрда ай күнүнө жетпей кесарево жолу менен төрөлгөнүн жазды.

Анын маалыматына караганда, наристелердин апасы Ысык-Көл районунун 41 жаштагы тургуну.

Балдар 2,35 кг, 2,45 кг жана 2,3 кг салмакта төрөлгөн.

«Азыр балдар апасынын жанында, абалдары туруктуу», — деп билдирген Айгүл Жайлообекова.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты