Садыр Жапаровдун Өзбекстанга иш сапары. Кимдер коштоп кетти?

  • 9 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-ноябрда Экономикалык Кызматташтык Уюмуна (ЭКУ) мүчө мамлекеттердин башчыларынын кезектеги 16-саммитине катышуу үчүн Ташкентке жөнөп кетти.

Саммиттин алкагында уюмдун күн тартибиндеги актуалдуу маселелери, анын ичинде регионалдык-экономикалык кызматташтыктын ичинде өз ара пайдалуу иштерди жөнгө салуу жана социалдык-маданий жана илимий-техникалык өнүгүүнүн ар кандай аспектилери боюнча өз ара жардамдашуу жолу менен региондогу мамлекеттердин чарбалык мамилелердин дүйнөлүк системасына ырааттуу жана этап-этабы менен интеграцияланышы талкууланат.

Саммитке Азербайжан, Иран Ислам Республикасынын, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Түркия, Өзбекстандын мамлекет башчылары, ошондой эле Казакстан жана Пакистан Ислам Республикасынын өкмөт башчылары катышат.

Кыргыз Республикасынын расмий делегациясынын курамындагылар:

— Биринчи айым Айгүл Жапарова;

— тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;

— Президенттин Администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысы Муратбек Азымбакиев;

— Кыргызстандын Өзбекстандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Муса Джаманбаев;

— Кыргызстандын Ирандагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Экономикалык кызматташтык уюмундагы туруктуу өкүлү Турдакун Сыдыков;

— билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева;

— маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максутов;

— транспорт жана коммуникациялар министри Тилек Текебаев;

— экономика жана коммерция министри Данияр Амангельдиев;

— Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты