Садыр Жапаровдун Венгрияга болгон иш сапары аяктады

  • 8 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаровдун 20-августта Венгриянын премьер-министри Виктор Орбандын чакыруусу менен болгон иш сапары аяктады. Бул тууралу

Сапардын алкагында Садыр Жапаров Венгриянын Премьер-министри Виктор Орбан менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, кыргыз-венгер стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелерин, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүүнү талкуулады.

Ошондой эле Президент Садыр Жапаров ардактуу конок катары чет өлкөлөрдүн башка лидерлери менен бирге Венгриянын Улуттук башкы майрамын белгилөө иш-чараларына жана Будапешт шаарындагы Улуттук атлетикалык борбордо жеңил атлетика боюнча дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына катышты.

Мамлекет башчысы Венгрияга болгон иш сапарын аяктап, 21-августта Бишкек шаарына кайтып келди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты