Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга болгон иш сапары аяктады

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров 11–12-декабрда Түркмөнстанга иш сапары менен барды. Ашхабадда ал Халк Маслахатынын Төрагасы Гурбангулы Бердымухамедов жана Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин талкуулады.

Иш сапардын алкагында Мамлекет башчысы Бейтараптык монументине гүл коюп, Тынчтык жана ишеним эл аралык форумуна катышып, анда сөз сүйлөдү. Президент тынчтыкты бекемдөө жана туруктуу өнүгүү багытындагы биргелешкен аракеттердин маанисин белгиледи.

Иш сапар 12-декабрда аяктап, Президент Садыр Жапаров Бишкек шаарына кайтып келди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты