Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында Министрлер кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны өтөт

  • 2 года мурун

Бүгүн, 28-декабрда президент Садыр Жапаровдун төрагалыгы алдында өлкөнүн Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйыны болот. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Жыйында Министрлер кабинетинин 2022-жылы аткарылган иштери боюнча отчёту угулуп, ошондой эле Министрлер кабинетинин 2023-жылга иш планы каралат.

Иш-чарага борбордук мамлекеттик органдардын жетекчилери, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, президенттик администрациянын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилери, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү катышат.

Министрлер кабинетинин жыйыны УТРКда, республикалык жана облустук телеканалдарда жана социалдык тармактардагы баракчаларда түз алып көрсөтүлөт.

Көрсөтүү саат 14:00дө башталат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты