Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары аяктады

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаровдун Орусиядагы 2 күндүк иш сапары аяктап, Бишкекке кайтып келди. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Иш сапарынын алкагында 24-майда мамлекет башчысы Москва шаарында «Көп полярдуу дүйнөдөгү евразиялык интеграция» II Евразия экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышты.

ЕАЭБ өлкөлөрүнүн башчылары жана делегациялары интеграциялык процесстер, санариптик трансформацияны тездетүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны өнүктүрүү, евразиялык институттарды өнүктүрүү, бизнес-демилгелерди колдоо боюнча кошумча чаралар жана башкалар боюнча суроолорго жооп беришти.

Эртеси, 25-майда Жогорку Евразия экономикалык кеңешинин (ЖЭК) тар жана кеңейтилген курамдагы кезектеги жыйыны өттү.

Бирликтин алкагында соода-экономикалык кызматташуу маселелери, ошондой эле эл аралык кызматташтык жана Евразия мейкиндигинде мындан аркы интеграция маселелери талкууланды.

ЖЕЭКтин кезектеги жыйынынын жыйынтыгында ЕАЭБ алкагында экономикалык кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана интеграцияны андан ары тереңдетүүгө багытталган бир катар чечимдер жана документтер кабыл алынды жана кол коюлду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты