Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары аяктады

  • 5 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Президент Садыр Жапаровдун Орусияга (Татарстан Республикасы) 20-21-февраль күндөрү болгон иш сапары аяктады.

Мамлекет башчы Казань шаарына болгон иш сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Өлкө башчылары мамлекеттер ортосундагы кызматташтыктын жогорку динамикасын белгилешип, кыргыз-орус мамилелерин тереңдетүүгө эки тараптын умтулууларын ырасташты.

Сапардын алкагында ошондой эле президент Садыр Жапаров менен Татарстандын башчысы Рустам Миннихановдун жолугушуусу болду.

Тараптар Кыргызстан жана Татарстандын ортосундагы эки тараптуу кызматташтыкты тереңдетүүгө жана кеңейтүүгө байланышкан маселелердин кеңири чөйрөсүн талкуулап, өнөктөштүк мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө даярдыктарын билдиришти.

Жолугушуунун жыйынтыгында Рустам Минниханов президент Садыр Жапаровду Кыргызстан жана Татарстандын кызматташтыгын өнүктүрүүгө, эки элдин ортосундагы достукту жана өз ара түшүнүшүүнү чыңдоого кошкон зор салымы үчүн «Дуслык» ордени менен сыйлады.

Президент Садыр Жапаров иш сапарын аяктап, 22-февралда таңга маал Бишкекке кайтып келди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты