Садыр Жапаровдун Москвага Жеңиш күнүн майрамдоого барары айтылууда
- 8 months мурун
Садыр Жапаров 8-9-майда Орусияга расмий сапар менен барат. Бул тууралуу Жапаров менен Орусия өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Алексей Оверчуктун жолугушуусунда белгилүү болгонун 24.kg агенттиги жазды.
“Бул сапар биздин эң башкы жалпы майрамыбыз — Жеңиш күнүн майрамдоого арналгандыгы менен өзгөчө мааниге ээ. Биз, албетте, Кыргызстандын бул жеңишке жана Москваны коргоого кошкон салымын дайыма эстейбиз, бул биз үчүн ыйык”, — деген Оверчук.
Ал Садыр Жапаровдун Москвага болгон сапары тууралуу кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйынында айткан.
Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы азырынча бул иш сапар тууралуу маалымат бере элек.
Муну бөлүшүү