Садыр Жапаровдун кудасы эл көзүнөн хансарайын жашырып жүрөбү?

  • 8 месяцев мурун

Politmer.kg коомдон киреше жана мүлктөрүн жашырган депутаттардын бетин ачууну улантууда.

Кезекте президент Садыр Жапаровдун кудасы, Жогорку Кеңештин 7-чакырылышынын депутаты Акылбек Түмөнбаев. Түмөнбаев Садыр Жапаровдун эжеси Акат Жапарованын маркум жолдошу Таалайбек Түмөнбаевдин бир тууган иниси. Муну factcheck.kg редакциясы аныктап берген. Акылбек Түмөнбаев  “Азаттык” радиосуна берген маегинде мурунку президенттин убагында туугандары, кудалары да кызмат алып байыганы тууралуу сөз козголуп, өзү тууралуу бизнеси жок экендигин жана 25 жыл мурда сатып алган чакан үйдө жашаарын билдирген.

Акылбек Түмөнбаев: “Мен баймын же кедеймин деп айта албайм, ортодомун. Мыйзамсыз бир камогумду тапса, журналистпи же ким тапса, ошого берем! 96-жылы алган үйүмдө жашайм”.

Акылбек Түмөнбаев Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Кең Суу айылында туулган.

Депутат салык кызматына тапшырган киреше жана мүлктөрү боюнча декларациясына ылайык, 2021-жылы 300 миң сомдон ашык киреше тапкан. Бир нече миллион сомго бааланган малы да бар. Жакындарына жазылган 62 чарчы метр турак жайын да көрсөткөн. Бирок өзү айткандай, 1996-жылы сатып алып жашап жаткан үйүн бул декларациясында көрсөткөнбү?

Былтыр сентябрь айында Акылбек Түмөнбаев Бишкек шаарынын Ахунбаев көчөсүндө жана Киргизия-1 конушундагы үйлөрдү буздуруп, хансарайларды салып баштагандыгын интернет-басылмалардын бири жарыялаган. Temirov live редакциясынын журналисттери картадан жаңы конушта чындап эле бассейни бар жаңы үй 2022-жылы салынып баштаганын аныкташкан. 2021-жылы анын ордунда эски үйлөр бар эле.

Кадастрдан алынган маалымат боюнча бул жаңы салынып жаткан үй Конокбаева Динарага таандык. Ал эми Динара Конокбаева Акылбек Түмөнбаевдин аялы. Турак жайдын жалпы аянты 370 чарчы метрден ашык деп жазылган.

Садыр Жапаровдун кудасы эл көзүнөн хансарайын жашырып жүрөбү?

Анда Акылбек Түмөнбаев өзү айткан 96-жылы сатып алган үйүн декларациясына эмнеге көрсөткөн эмес?

Эми бул үй-бүлөгө таандык бизнеси барбы же жокпу, ошону аныктоо үчүн Sled.politmer.kg  порталына кайрылганыбызда, мындай маалымат табылбады.

Ошентсе да, Акылбек Түмөнбаев мүлктөрү тууралуу декларациясында чыныгы маалыматтарды көрсөтпөгөн депутаттардын катарын толуктайт. Бул болсо, КР мыйзамдары боюнча кем эле дегенде административдик жоопко тартылышы керектигин айгинелейт. Киреше жана мүлктөрү тууралуу декларациясына чыныгы маалыматтарды көрсөтпөгөн мамлекеттик кызматкерлер КР Укук бузуулар жөнүндө Кодексинин 438-беренесине ылайык, 50 эсептик көрсөткүч өлчөмүндө айып пул төлөөсү керек. Бул 5000 сомго барабар.

Автор: Наргиза Нанакеева

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты