Садыр Жапаровдун иниси үй камагына чыгарылганы айтылды

  • 1 день мурун

Садыр Жапаровдун иниси Улан Жапаров Бишкек шаарынын Биринчи май райондук соту тарабынан тергөө убагында үй камагына чыгарылды.

Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, Улан Жапаров 24-августта эле чечим кабыл алган.  

Президенттин жакын тууганы Ракымжан Жапаровдун уулу Улан Жапаров коррупцияга шектелип Бишкектеги СИЗО-1 тергөө абак жайына камалган. Биринчи май райондук соту аны 19-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарганын бир катар ЖМК өз булактарына шилтеме берип жазды.  

Улан Жапаров ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тиешеси болгон деп шектелип мурда Ички иштер министрлиги тарабынан кармалып, камакка алынган. 4 айдан кийин ал үй камагына чыккан.

Кылмыш ишин эми Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Бишкек шаардык башкармалыгы тергеп жаткандыгы белгиленди.

Президенттин маалымат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков мамлекет башчы Садыр Жапаровдун жакын тууганы Улан Жапаровдун коррупцияга шектелип кармалганы анык экенин, ал, ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тиешеси болгон деп шектелип ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынганын бир жыл мурда билдирген.

 «32 жаштагы Улан Жапаров (аталаш бир тууганы Ракымжан Жапаровдун баласы) президенттин тууганы экени анык. Ал, ишкерлер менен бажычылар аралашкан мыйзамсыз иште тиешеси болгон деп шектелип ИИМ тарабынан кармалып, камакка алынды» деген. «Президент Садыр Жапаров кимде ким мыйзам бузса, жакындары экенине карабай мыйзам алдында жазалана турганын эскерткен. Эч кимди аяп, коргоп же калкалабайт» деп айткан Орунбеков.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты