Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

  • 8 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаровдун 23-24-ноябрдагы Азербайжанга болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Сапардын алкагында Садыр Жапаров өлкө президенти Ильхам Алиев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктү бекемдөөгө жана арттырууга өз ара умтулууларын ырасташты.

Андан соң президент Садыр Жапаров БУУнун Борбордук Азия экономикалары үчүн Атайын программасынын (СПЕКА) мамлекет башчыларынын саммитине катышты.

Мамлекет башчысы өз сөзүндө СПЕКА программасы өткөн жылдары экономикалык туруктуулукту бекемдөөгө, инфраструктураны өнүктүрүүгө, билим берүү жана саламаттык сактоону колдоого, БУУнун Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүгө жана Борбор Азияда жакырчылыкты азайтууга олуттуу салым кошконун баса белгиледи.

Саммиттин ишине Программага мүчө өлкөлөрдүн президенттери: Азербайжан — Ильхам Алиев, Казакстан – Касым-Жомарт Токаев, Кыргызстан — Садыр Жапаров, Тажикстан — Эмомали Рахмон, Өзбекстан — Шавкат Мирзиеев, ошондой эле ардактуу коноктор катары Грузиянын премьер-министри Ираклий Гарибашвили, Венгриянын премьер-министри — Виктор Орбан жана башка расмий адамдар катышты.

Иш сапарын аяктап, президент Садыр Жапаров 24-ноябрда Бишкек шаарына кайтып келди.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты