Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Талас облусунда жүрөт

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров жумушчу сапары менен Талас облусуна барды.

Президенттик администрациядан билдиришкендей, мамлекет башчысы жумушчу сапарынын алкагында «Талас» аэропортун модернизациялоо долбоору менен таанышып чыкты.

Аэропорттун жалпы аймагы 78, 023 га. «Талас» аэропортунун аэровокзалынын жаңы имаратынын курулушунун долбоордук-сметалык документтери бүткөн. Долбоордун алкагында аэровокзалдын имараты өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 100 авиажүргүнчүлөрдү тейлөөгө эсептелген. Курулушту 2023-жылдын аягына чейин бүтүрүү пландалууда.

Жаңы аэровокзалда жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу үчүн заманбап коопсуздук жана көзөмөл системасы орнотулат. Учуу-конуу тилкеси боюнча — аэродромдун эски жасалма катмарынын авариялык участокторун демонтаждоо боюнча иштер аяктады жана авариялык участоктордун асфальт-бетон иштери башталды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты