Садыр Жапаров жол эрежесин бузгандардын жазаларынын катаалдашын колдой турганын айтты

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров айдоочуларга карата айып пулдардын жогорулашына байланыштуу «Кабар» мамлекеттик агенттигине комментарий берди.

Садыр Жапаров ким болбосун жол эрежесин бузбай айдап, элдин баары ошого көнүшү зарыл экенин айтты.

«Бул мен үчүн же Акылбек Жапаров үчүн эмес, өздөрү үчүн да. «Акылбек Жапаров бюджетти толтурам деп айыптарды көтөрүп жатат» деген сөздөрдү окуп калып жатам. Айып пул менен бюджет толбойт. Бюджет салык менен бажыдан толот. Бул айып пулдар биздин бюджет үчүн деңиздин бир тамчысы сыяктуу эле. Кеп анда эмес. Кеп башкада болуп жатат. Жыл сайын авариядан каза болгон жана майып болуп калган жарандарыбыздын саны көбөйүп баратат. Жаш балдарыбыз каза болуп кетип жатат. Каза болгондордун санын уксаңар согушта дагы мынча каза таппайт.

Мисал келтире кетейин. 2020-жылы 6 миң 126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болуп, 9 миң 227 адам майып болуп калган экен. Ал эми 2021-жылы 7 миң 438 жол кырсыгы катталып, 869 адам каза болуп, 11 миң 370 адам майып болуптур. 2022-жылы болсо 7 миң 40 жол кырсыгы катталып, 690 адам каза болуп, 11 миң 49 адам майып болуп калган. Эми жашы жете элек балдарыбыздын каза болгондугу тууралуу маалыматтарга токтолоюн. 2020-жылы 93 бала каза болуп, 1 456 бала майып болуптур. 2021-жылы 111 бала каза болуп, 2 175 бала майып болуп калган. 2022-жылы 103 бала каза болуп, 2 226 бала майып болгон», — деди Садыр Жапаров.

Анын айтымында, 2021-жылы 458 кырсык катталып, 56 адам каза болуп, 768 адам майып болгон.

«Мас абалында айдап жүргөндөрдүн кесепетинен каза болгондор боюнча айтсам, 2020-жылы 467 кырсык катталып, 62 адам каза болуп, 451 адам майып болуп калган. 2021-жылы 458 кырсык катталып, 56 адам каза болуп, 768 адам майып болуптур. 2022-жылы 422 кырсык катталып, 39 адам каза болуп, 742 адам майып болуп калган. Мына ушунун баары жол эрежесин билбей, билсе дагы эрежени сактабай айдагандардын кесепетинен болуп жатат. Акыркы 30 жылда айдоочулук күбөлүктөр туш келди сатылып келгенин билебиз. Бул эч кимге жашыруун деле эмес. Мен депутат болуп жүргөн мезгилде 16-18ге чыккан балдарына ата-энелери айдоочулук күбөлүктү белек кылып жаткандарына көп күбө болгом. Азыр ошолордун баары эл арасында машина айдап жүрүшөт да. Албетте, жол эрежесин толук билишпейт. Анткени ата-энеси күбөлүктү сатып берген. 2020-жылга чейин айдоочу күбөлүктөр сатылып келген. Азыр андай жок. Ким экзамен тапшырса алат. Тапшыра албаса бир ай, эки айдан кийин кайрадан тапшырып жүрүп, качан гана өзү тапшыра алганда алат», — дейт президент.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты