Садыр Жапаров: «Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок»

  • 2 года мурун
Садыр Жапаров: «Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок»

Жетим-Тоо кени боюнча Президент Садыр Жапаров өз пикирин билдирди. Анын айтымында, бийликтин кенди казайын деген ою жок.

«Эсиңиздерде болсо, президенттик шайлоодо “Эгер Жетим-Тоону 100 пайыз өзүбүз иштете турган болсок, сырткы карызыбызды Жетим-Тоо эле жаап коет” деп айткан сөзүм бар. Бирок азыр Жетим-Тоону иштетели деген эч ким жок. Сырткы карызыбызды башка булактарыбыз менен эле жаап жатабыз жана жабабыз. Мындан ары күчүбүз жетет. Андан сырткары эмгек акы, пенсия, жөлөкпулдарды дагы көтөрө баштадык. “Кумтөр” мурда 5-6 миллиард салык төлөп келсе, “ай-иий ай, Кумтөр бизди багып атат” деп сүйүнүп, этегине намаз окуп келгенбиз. Былтыртан бери, керек болсо, 50-60 миллиард салык жана башка төлөмдөрдү төлөп келе жатат. Ошонун эсебинен эмгек акыларды, пенсия, жөлөкпулдарды көтөрүп жатабыз. Эгер Жетим-Тоону иштетип калсак, 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Бир пайыз эмес, бир муштум ташын эч кимге үлүш катары бербейбиз», — деп жазат Садыр Жапаров Фейсбук социалдык баракчасында.

Ошону менен катар эле Жетим-Тоо кенинин запасын тактоо тапшырмасы берилгенин маалымдады. «Бирок бүгүн Жетим-Тоону иштетели деген даярдыгыбыз жок. Жөн гана геология иштерин жүргүзүп, запасын тактап койгула деген буйрук берилген. Союз мезгилинде болжол менен изилденген запасы бар экен. Бирок корунун так көлөмү жок болгондуктан, тактап коелу деп, Кыргызгеология кызматкерлери иш жүргүзүп жатышат. Тактап койсок, биз иштетпесек, келечек муун иштетет. Анан эле өздөрүн “баатыр” көрсөткүсү келип, «Жетим-Тоону экинчи Кумтөр кылбайбыз» деп кыйкырып чыгышкандарын кантейин деле. Эч нерсе боло электе эле билип-билбей, “Жетим-Тоону берип атышат” деп калп айтып, элдин башын айлантканды токтоткула. Айтпаса, адамдын жанын кашайтасыңар да», — дейт Садыр Жапаров.

Ошол эле учурда кимдерге кайрылып жатканын ачык жазган эмес, бирок аларды «лжепатриоттор» деп атаган.

«Ошол эле «Кумтөр» кетип жатканда, силер бийликте болчусунар. Болгондо да бийликтин эң чоң бутагы, мамлекеттин коопсуздугуна жооп берчү бийликтин башында олтургансыңар. Ошондо да «Кумтөрдү» кайра алмак түгүл, бир доллар штраф төлөтө алган эмессиңер… Ошондуктан өздөрүн “баатыр” көрсөткүсү келип жаткан “лжепатриоттор!”, Жетим-Тоону бирөөлөргө берген жатат деп, калп айтып, элдин башын жөнү жок айлантпагыла. Тартип сактоо органдары, ушундай арам ою бар “лжепатриоттор”, калпычылар менен тартипке чакыруу иштерин алып баргыла. Эмне үчүн элге туура эмес маалыматтарды таратып жатышат?», — деп жазат президент.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты