Садыр Жапаров жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына катышты

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров чет өлкөлөрдүн лидерлери менен биргеликте Будапешттеги жеңил атлетика боюнча Дүйнө чемпионатынын эркектер арасындагы жарышынын финалына ардактуу конок катары катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Венгриянын баш калаасына делегация башчыларынын катарында Азербайжандын лидери Илхам Алиев, Түркмөнстандын Сердар Бердымухамедов, Түркиянын Режеп Тайып Эрдоган, Өзбекстандын Шавкат Мирзиеев, Сербиянын Александр Вучич, Катардын эмири шейх Тамим бин Хамад Аль Тани жана башкалар келди.

Бул дүйнө чемпионаты 200дөн ашуун чет өлкөлөрдүн өкүлдөрү, анын ичинде Кыргызстандын спортчулары Олимпиадалык оюндардан кийин спорттук рейтингде алдыңкы орунду ээлейт.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты