Садыр Жапаров: «Жарыктык киши алжып калыптыр. Бир саат тынбай сандырак сөздөрдү сүйлөп убактымды алды»

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров коомдук ишмер Бекболот Талгарбековдун ал тууралуу айткандарына басма сөз кызматы аркылуу 10-июнда “Азаттыктын” суроосуна жооп берди.

«Өзүн кызматка койбосоң же баласын губернатор кылбасаң эле ушинтип оппозиция болуп чыга келишет. Айланасына абышка-кемпирлерди топтоп алган, «Төртүнчү революцияны мен жасайм да, президент болом” деп жүрөт. Москвага барып акча да издеп келди. Буларга мамлекеттин тагдыры бир тыйын экен. Элди ойлоп да койбойт, анан эле эл деп сүйлөсө жанына киши тура албайт. Бирок жүрөгүндө эл деген кыпындай да мекенчилдик сезими жок», — деп билдирди президент.

Өткөндө Талгарбеков кабыл алуума жазылыптыр. Аксакал кишини кабыл алып коеюн деп кабыл алдым. Жарыктык киши алжып калыптыр. Бир саат тынбай сандырак сөздөрдү сүйлөп убактымды алды. «Мени кеңешчи кылып ал. Анан мен айткан кишини Нарын облусуна губернатор кылып коюп бер. Мен Акаев мезгилинде биринчи этабын бүтүрүп койгон айыл чарба реформамдын экинчи этабын Нарын облусунан улантайын.» дейт. Аксакал кишини капа кылбайын деп унчукпай ичимен күлүп тим болдум. Анын сөзү мага “Акаев мезгилинде аягына чейин талкалап жетишпей калган айыл чарбасын биротоло күм-жам кылайын” дегендей эле угулду. Сылык-сыпаа узатып койдум. Андан бери эки ай убакыт өттү», — деп кошумчалады президент.

Бекболот Талгарбеков Садыр Жапаровдун ишмердүүлүгү боюнча жергиликтүү маалымат каражаттарына маек берип, аны сындаган сөздөрдү айткан.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты