Садыр Жапаров жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 7-октябрда президент Садыр Жапаров өлкөнүн жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

«Кыргызстандын жарандык авиациясынын тарыхы 1933-жылы Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинин токтому кабыл алынгандан тартып башталат. Мына ошол дээрлик бир кылымдын ичинде жарандык авиациябыз жүргүнчүлөр менен жүктөрдү ташууда коопсуз, ыкчам жеткирүүнүн негизги булагына айланды.

Эң алды сиздерди кесиптик майрамыңыздар жана жарандык авиациянын 90 жылдык мааракеси менен чын дилимден куттуктаймын!

Өлкөбүздө 1994-жылдан тартып 7-октябрь – Жарандык авиация күнү деп белгиленип келет.

Бүгүнкү күндө дүйнө тез өзгөрүп, ааламдашуу ыкчамдап жаткан мезгилде Кыргызстан үчүн аба транспорту стратегиялык мааниге ээ. Ошондуктан жарандык авиация тармагын өнүктүрүү мамлекеттик саясаттын башкы артыкчылыктарынын бири бойдон калат.

Мамлекет авиация комплексинин инфратүзүмүн жолго салууга, аймактар аралык транспорттук байланыштарды чыңдоого, жаңы, келечектүү авиамаршруттарды ачууга өзгөчө көңүл бурууда.

Өзүңүздөр көрүп жаткандай, өлкө аймагында аэропортторду куруу жана реконструкциялоо темпи жогорулап, алдыңкы технологиялар киргизилип, кызматтар чөйрөсү кеңейүүдө. Жарандык авиациянын кызматкерлеринин компетенттүүлүгүнө, тажрыйбасына, билимине дагы маани берилүүдө.

Азыркы учурда өлкөбүздүн авиация тармагын өнүктүрүүдө масштабдуу максаттарга жетүү үчүн бул тармактын кесипкөй кызматкерлеринин мол тажрыйбасына таянабыз. Ошону менен бирге мамлекеттик олуттуу колдоо чоң күч-дем болуп бермекчи.

Бүгүнкү күндөгү кесипкөй муун кыргыз авиациясын мындан да жогорку деңгээлге көтөрөт деп ишенем.

Урматтуу кыргыз авиация тармагынын кызматкерлери жана кадырлуу ардагерлери, мааракелик майрамыңыздар кут болсун. Аба транспортунун коопсуздугун, авиаташуу кызматынын жогорку деңгээлин камсыз кылып, өлкөнүн социалдык-экономикалык турмушуна кошуп келаткан салымыңыздар үчүн терең ыраазычылык билдирем. Сиздерге ар дайым шыктанууну, жаратмандыкты, жана өз кесибиңиздер менен сыймыктанууну каалайм», — деп айтылат куттуктоодо.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты