Садыр Жапаров жарандарды президенттик администрациянын жаңы имаратына ат коюушууга чакырды

  • 10 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров жарандарды президенттик администрациянын жаңы имаратына ат тандашууга чакырды. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Президенттик администрациясынын жаңы имаратынын курулушу аяктап калды. Ага ат коюшубуз керек болуп жатат. Ар кандай сунуштар түшүүдө. «Ак Ордо», «Кут Ордо», «Айкөл Ордо», «Ынтымак Ордо» деп атоо сунуштары түштү. Жалпы элдин сунуштарын, пикирлерин угайын деп чечтим. Анткени бул ат түбөлүк калат. Тарых болот. Дагы башка аттарды каалагандар болсо сунуштарыңызды бериңиздер», — деп жазды Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты