Садыр Жапаров жана Ираклий Кобахидзе Ысык-Көлдө этнопрограмма менен таанышты

  • 4 месяца мурун

Президент Садыр Жапаров жана Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе бүгүн, 13-июнда, Ысык-Көл облусунун Бостери айылындагы “Номад” этно-комплексиндеги этнопрограмма менен таанышты.

Бул тууралуу президенттин сайтында маалымат берилди.

Маалыматта айтылгандай, Садыр Жапаров жана Ираклий Кобахидзе кыргыз элинин салттуу турмуш-тиричилигин чагылдырган экспозициялар жайылган боз үй шаарчасына барышып, комуз жасоо процесси, улуттук музыкалык аспаптардын көргөзмөсү, ошондой эле кийиз буюмдарын жасоо, күмүш зер буюмдарын, чопо идиштерди жана темир устачылыкты камтыган салттуу элдик кол өнөрчүлүк менен таанышты.

Боз үй шаарчасында “Манас” эпосунан үзүндү айтылды.

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты