Садыр Жапаров Жалал-Абад облусуна сапар тартат

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 22-октябрда, иш сапар менен Жалал-Абад облусуна барат.

Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алакөзов социалдык тармакта билдирди.

Мамлекет башчы райондордун эли менен жолугушууларды өткөрөт, ошондой эле жергиликтүү бийлик органдарынын жетекчилеринин облустун учурдагы социалдык-экономикалык абалы жана мындан аркы өнүгүү келечеги тууралуу маалыматтарын угат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты