Садыр Жапаров: жаңы имараттын курулушуна мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Ысык-Көл” мейманканасынын ордуна салынып жаткан президенттик администрациянын жаңы имаратынын курулушуна мамлекеттик бюджеттен бир дагы сом сарпталбаганын билдирди. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасында жазды.

Анын айтымында, имараттын курулушу үчүн президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жер алмашылган.

«Ысык-Көл” мейманканысынын ордуна салынып жаткан ак үйгө мамлекеттин бир тыйын акчасы кеткен жок. Болгону президенттин иш башкармалыгына караштуу 16 гектар жерге алмашып жатабыз. Биз жер бердик, алар имарат куруп берди. Бүттү. Ансыз деле мамлекетке караштуу жерлерди 30 жылда талап-тоноп бүтүшүптүр. Бул 16 гектар жер деле бир күнү жеке колдорго өтүп кетмек. Андан көрө мамлекеттин пайдасына бир имарат туруп калсын дедик», — деп жазган президент.

Бирок курулушка канча акча кетери жана кайсы 16 гектар жер алмашылганы такталган эмес.

Мамлекет башчы Садыр Жапаров 15-апрелде президенттин администрациясынын Бишкек шаарындагы жаңы имаратынын курулушуна капсула салган. Президент аянты 21 миң чарчы метрди түзгөн жаңы имарат сапаттуу салынышы керектигин айткан. Өлкө башчынын басма сөз кызматы жаңы административдик комплекс курулуп мамлекеттик органдар бир жерге жайгашса, чечимдерди иштеп чыгуу процесси тездеп, Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү автожолдогу жүк азая турганын билдирген.

Социалдык тармактардын айрым колдонуучулары өлкөдө экономикалык кыйын кырдаалда президенттин жаңы администрациясы курулуп жатканын сындап чыгышкан. 

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты