Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү кароосуз калган пансионаттар ижарага берилерин айтты

  • 11 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдөгү кароосуз калган пансионаттар ижарага берилерин айтты. Бул тууралуу ал Фейсбуктагы баракчасына жазып чыкты.

«Ысык-Көлдүн айлана тегерегинде бүгүнкү күндө ушундай 15 пансионат бар. Мамлекеттики же мамлекеттик мекемелердики. Булар илгертен бери кароосуз калган же жакшы каралбай келет. Ушул пансионаттарды 49 жылга ижарага беребиз. «Инвестиция салам, мен алам» деген ата мекендик байларыбызды, чет өлкөлүк инвесторлорду чакырам. Келиңиздер, алыңыздар. 3, 4, 5 жылдыздуу мейманканаларды салып иштетиңиздер. Албетте салган инвестициянарды кыска убакытта кайра чыгарып аласыңар дегенден алысмын. Бирок 49 жылда 3-4 эсе актайт деп ишенем. «Эмнеге мамлекеттин акчасын салып оңдоп койбойсуңар» деген жарандарыбызды угуп жүрөм. Кудайга шүгүр мамлекетте акчабыз жок эмес, бар. Эмне деген иштерди жасап жатканыбызга күбө болуп жатасыңар. Мамлекеттин акчасын узак мөөнөттө актай турган бизнеске салуу максатсыз. Баарын эсептеп чыктык. Ошондуктан салбайбыз. Кимде-кимди кызыктырган болсо мамлекеттик мүлк фондусуна кайрылсаңыздар болот. Негизги шарттар: алгандан кийин дароо инвестиция салып башташ керек. 3 жылдыздуудан жогору мейманканалар, коттедждер ж.б салынышы керек. Акчаң болсо эки жылда кычыраган пансионат кылсаң болот. 49 жылга алдым деп 5-10 жыл эч нерсе салбай басып жата берген жарабайт. Субарендага уруксат жок. Калган маалыматтарды мамлекеттик мүлк фондусунан аласыздар», — деп жазды Садыр Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты