Садыр Жапаров Япониянын императору Нарухито менен жолугушту

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 17-ноябрда президент Садыр Жапаров Япониянын борбор шаарына болгон расмий сапарынын алкагында император Нарухито жана императрица Масако менен жолугушту. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Император жана Императрица Кыргызстандын президенти жана биринчи айымы менен саламдашып жатып, Садыр Жапаровдун Японияга болгон сапары кыргыз-япон эки тараптуу мамилелеринин бүтүндөй комплексине оң таасирин тийгизет деген үмүтүн билдиришти. Садыр Жапаров алардын меймандостугуна ыраазычылык билдирип, Япония Кыргызстан үчүн өзүнүн бай тарыхый салты жана байыркы маданияты менен достук мамиледеги өлкө экендигин белгиледи. Президент Садыр Жапаров императорго терең урмат-сыйын билдирип, «РЭЙВА» жаңы доорунда түбөлүк гүлдөп-өнүгүүнү жана бакубатчылыкты каалады. Андан кийин президент Садыр Жапаровдун жана анын жубайы Айгүл Жапарованын урматына император Нарухито менен императрица Масаконун атынан кабыл алуу болду.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты