Садыр Жапаров XVI БРИКС саммитинде сөз сүйлөдү
- 2 года мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 24-октябрда Татарстандын борбору Казан шаарында өтүп жаткан XVI БРИКС саммитинин пленардык жыйынында сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Өлкө башчы өз сөзүндө климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү темасы тоолуу өлкөлөр үчүн өзгөчө актуалдуу экенин, буга байланыштуу Кыргызстан Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Башкы Ассамблеясы тарабынан кабыл алынган 2023-2027-жылдарга карата “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча аракеттердин беш жылдыгын” демилгелегенин баса белгилеген.
Ошондой эле ал Кыргызстан Жаңы өнүктүрүү банкы менен, өзгөчө БРИКС өлкөлөрүндөгү жана башка өнүгүп келе жаткан мамлекеттердеги инфраструктуралык долбоорлорду жана туруктуу өнүктүрүү долбоорлорун каржылоонун алкагында кызматташууга кызыкдар экенин айткан.
«Кыргызстан адилеттүү жана басмырлоосуз эл аралык экономикалык тартипти, дүйнөлүк экономиканын жыргалчылыктарына жана заманбап технологияларга жалпы жеткиликтүүлүктү жактайт»,- деген Садыр Жапаров.
Эскерте кетсек, БРИКС бирикмесин 2006-жылы Brazil, Russia, India, China, South Africa — Бразилия, Россия, Индия, Китай Түштүк Африка демилгелеп, ал мамлекеттердин атынан аталган.
Сүрөт: president.kg




