Садыр Жапаров Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү

  • 2 года мурун

Бүгүн, 7-октябрда президент Садыр Жапаров Орусиянын президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Өлкө лидерлери кыргыз-орус эки жана көп тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, өлкөлөрдүн интеграциялык бирикмелердин алкагындагы өз ара аракеттенүүсүн талкуулашты.

Садыр Жапаров Владимир Путинди 70 жылдык мааракеси менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакубатчылык жана жооптуу мамлекеттик ишмердигинде мындан аркы ийгиликтерди каалады.

Өз кезегинде Орусиянын президенти Владимир Путин президент Садыр Жапаровго куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тараптардын түбөлүк союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духундагы эки тараптуу мамилелерди сапаттык жаңы деңгээлге чыгарууга даярдыгы белгиленди.

Өлкө лидерлери өз ара байланышты туруктуу негизде колдоону шартташышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты