Садыр Жапаров УКМКнын Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты

  • 12 месяцев мурун

Президент Садыр Жапаров УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкы башкармалыгынын жаңы имаратын ачты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Садыр Жапаров бүгүнкү күнү дүйнө жүзүндө оор кырдаал күчөп, анын кесепеттери мамлекеттер үчүн, анын ичинде улуттук коопсуздук маселелеринде жаңы чакырыктарды жана коркунучтарды жаратканын айтты. Президент буга байланыштуу тармактык органдардын кызматкерлерине карата талаптар да өсүп жатканын, алардын иши саясий жана эл аралык туруктуулукту камсыз кылуу, терроризмге жана коррупцияга каршы күрөшүү, аймактык бүтүндүктү сактоо жана бул багыттагы иш-чараларды күчөтүү боюнча милдеттер менен көбөйгөнүн белгиледи. Мамлекет башчы бардык бул маселелерге өлкө жетекчилиги тарабынан комплекстүү көңүл бурулуп жатканын баса белгиледи.

Улуттук коопсуздук органдарынын материалдык-техникалык базасы тууралуу айтып жатып, Садыр Жапаров УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын эски имараты 1979-жылы курулуп, анда мезгил-мезгили менен пландуу оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүп келгендигин баса белгиледи. Башкармалыктын кызматкерлеринин ишине заманга ылайык шарттарды түзүп берүү максатында өткөн жылы 2836 чарчы метрди түзгөн 3 жаңы имарат курулуп баштаган. Бүгүнкү күндө объекттердин курулушу аяктап, ичинде заманбап спорт комплекси жана жаңы тергөө абагы менен пайдаланууга берилип жатат.

Мамлекет башчы жаңыланган шарттар регионалдык башкармалыктын кызматкерлерине жаңы дем-күч берип, алардын ишинин натыйжалуулугун жогорулатууга өбөлгө болот деген бекем ишенимин билдирди.

Президент Садыр Жапаров сөзүнүн аягында улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлерине кажыбас кайрат, бекем эрк, мекенчилдик жана жооптуу кызматында ийгиликтерди каалады.

Сөз сүйлөгөндөн кийин мамлекет башчы жаңы объекттердеги кызматтык жайларды карап чыгып, жаңыланган шарттарды көрүп, башкармалыктын аймагын кыдырып чыкты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты