Садыр Жапаров УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратын ачты

  • 1 год мурун

Бүгүн, 13-майда президент Садыр Жапаров Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имаратынын ачылышына катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, борбор киберкоопсуздукту камсыздоо, компьютердик чабуулдарды аныктоо, алдын алуу жана бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын, компьютердик кагылышуу, түшүнбөстүктөргө каршы аракеттенүү борборлорунун ишин координациялайт.

Чогулгандардын алдында сүйлөгөн сөзүндө мамлекет башчы дүйнө жүзү боюнча маалыматтык технологиялардын жана санариптик экономиканын ыкчам өнүгүүсү айрым тобокелдиктер жана коркунучтар менен коштолуп жатканын белгиледи. Алардын ичинде улуттук коопсуздукка түздөн-түз таасир этүүчү жагдайлар да бар.

Президент белгилегендей, азыркы замандын мындай чакырыктарына каршы турууда өлкөбүздө активдүүлүк менен түзүлүп жаткан санариптик инфратүзүмдөрдүн жана кызматтардын киберкоопсуздугун камсыз кылуу – абдан маанилүү маселелердин бири. Ушуга байланыштуу бүгүн УКМКнын маанилүү объектиси – Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун жаңы имараты ачылууда.

“Өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун жалпы тутумундагы бул жаңы багыт азыркы учурда калыптануу стадиясында десем болот. Ошентсе да акыркы учурлардагы мамлекеттик жана башка маалымат тутумдарына жасалган хакердик чабуулдарды эске алганыбызда, бул тармакты тез арада сапаттуу деңгээлге көтөрүп, өнүктүрүүнү мезгил өзү талап кылууда”, — деди президент.

Мындан улам мамлекет башчысы киберкоопсуздук чөйрөсүндө чет өлкөлүк алдыңкы тажрыйбаларды жана өнөктөштөрдүн ийгиликтүү иш-аракеттерин эске алуунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду. 

Ал мындай аракеттер өлкө коопсуздугуна таасир эте турган ички жана тышкы коркунучтарга өз убагында бөгөт коюуга жөндөмдүү болгон атайын кызматтын жаңы моделин түзүүгө бекем негиз болооруна ишенимин билдирди.

Андан соң Садыр Жапаров УКМКнын Киберкоопсуздук боюнча координациялык борборунун иши менен таанышып, иш бөлмөлөрүн жана кабинеттерин көрүп чыкты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты