Садыр Жапаров: “УКМК мурдагы КГБдай накта атайын кызмат болот”
- 4 месяца мурун
Бүгүн, 21-февралда президент Садыр Жапаров “Кабар” маалымат агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүндө масштабдуу реформалар даярдалып жатканын билдирди.
Президенттин айтымында, алдыда УКМК, ИИМ жана тергөө системасын камтыган ири өзгөрүүлөр күтүлүүдө. Анын алкагында УКМКнын ыйгарым укуктары так аныкталып, мекеме мурдагы СССРдеги КГБ сыяктуу атайын кызмат форматына өтөт.
Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген маегинде күч түзүмдөрүн реформалоо боюнча масштабдуу өзгөрүүлөр даярдалып жатканын билдирди.
— Алдыда күч түзүмдөрү боюнча чоң реформа турат. Мен бул реформаны мурда эле жасай баштайын деп пландагам. Бирок ар кандай себептер менен улам жылдырылып келген. Эми буюрса, жакында баштаймын. УКМК өзүнө тиешелүү иштер: чалгындоо, контрчалгындоо, конституциялык түзүлүштү коргоо, терроризм, экстремизм, бандитизм, баңгизаттарына каршы күрөш жана башка иштер менен алек болот. Ушул тармактар боюнча тергөө укуктары өздөрүндө калат. Экономикага киришпейт. УКМК эмне менен алек болуп жүргөнүн, ким анын кызматкери экенин эч ким билбеши керек. Реформадан кийин мурдагы КГБдай накта атайын кызмат болот. ИИМ дагы өздөрүнө түздөн-түз тиешелүү милдеттер менен гана иш алып барат.
Тармагына тиешелүү тергөө укуктары өздөрүндө калат. Албетте, тизме түзүлүп, кайсы укуктар кимге берилери мыйзам менен кабыл алынат. Жаңы Тергөө комитети түзүлөт. Тергөөнүн баары аларга өтөт. Башкы прокуратура менен Аскер прокуратурасы болсо, баарынын үстүнөн мыйзамдуу иш алып барылып жатабы, ошону көзөмөлдөйт.
Эмне үчүн Тергөө комитетин түзүп атасыңар десеңиз, биз келечекти жана түбөлүктүүлүктү ойлошубуз керек. Бүгүнкү күндө кандай? УКМКда да, ИИМде да экөөндө тең “ОРД” (ыкчам-иликтөө ишмердиги) жана тергөөчүлөр бар. Баарынын үстүнөн бир эле министр башкарат. Мисалы, “оперативник” иш алып келет, иш адилетсиз дейли мисалы, бирөөнү “подстава” кылып эле камап жатат дейли.
Тергөөчүгө ишти өткөрүп бергенде тергөөчү “бул ишиң соттон өтпөйт” деп кабыл албай коёт. Анан тергөөчүнүн үстүнөн министр чалат дагы “кабыл алып, кылмыш ишин ач” деген буйрук берет. Тергөөчү айласы жок, амалы жок кылмыш ишин ачат.
Ошентип азыркы учурда адилетсиз болуп жаткан фактылар жок эмес. Ал эми Тергөө комитети болсо түздөн-түз президентке баш иет. “Оперативник” менен министр алып келген чийки иштерди кабыл албай коёт. Иш козгобойт.
Албетте, адилетсиздикке кабылып жаткан жарандарыбыз камалбайт. Дароо коё берилет. Мына ушундай кылганыбызда гана адам укуктары 100 пайыз болбосо дагы, 95 пайыз сакталат. Келечек муунга коопсуздук камсыздалат.




