Садыр Жапаров: «Тышкы карыздын көбөйүп кетишине жол берилбейт»
- 3 месяца мурун
- Жаңылыктар
Президент Садыр Жапаров коомчулукта талкууланып жаткан тышкы карыз маселеси боюнча түшүндүрмө берди.
Анын айтымында, өлкөнүн тышкы карызы ички дүң продукцияга (ИДП) карата эсептелет. Эгер 2020-жылга чейин бул көрсөткүч 120 пайызга жетсе, бүгүнкү күндө ал 39 пайызды түзөт.
“Бул санды келечекте эң көп болсо 50 пайыздан ашырбашыбыз керек деген тапшырманы өкмөттүн алдына койгом. Ар бир алынган карыз мурдакыдай кумга сиңген суудай болуп кетпестен, көзөмөлгө алынган жана өзүн-өзү актай турган долбоорлорго жумшалып жатат. Көп эле өлкөлөр ИДПсынын өлчөмүнөн 100 пайыздан ашып кетишкен. Бирок биз аларды үлгү кылбашыбыз керек”, — деди Жапаров.
Президенттин маалыматына караганда, 2026-жылдын июнь айына карата Кыргызстандын мамлекеттик карызы 9,5 миллиард доллардан ашкан.
Өлкө башчысы тышкы карызды көзөмөлдө кармоо негизги милдет экенин белгилеп, алынган каражаттар экономикалык натыйжа бере турган долбоорлорго багытталып жатканын кошумчалады.




