Садыр Жапаров Токиодогу Император сарайына келди

  • 8 месяцев мурун
Садыр Жапаров Токиодогу Император сарайына келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-ноябрда, Токио шаарынын борбордук бөлүгүндөгү Император сарайына Япониянын Императору жана Императрицасы менен жолугушууга келди. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сарайдын алдында мамлекет башчыны жана биринчи айым Айгүл Жапарованы Император Нарухито жана Императрица Масако тосуп алышты.

Саламдашуудан кийин президент Садыр Жапаров, Биринчи айым Айгүл Жапарова Япониянын Императору жана Императрицасы менен биргеликте сүйлөшүүлөр залына өтүштү.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты