Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго кар көчкүдөн каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров Тажикстандын президенти Эмомали Рахмонго жаратылыш кырсыгынын кесепетинен курман болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдиришти.

«2023-жылдын 15-февралында Тажикстан Республикасынын Тоолуу Бадахшан автономдуу облусунда кар көчкүнүн кесепетинен адамдар каза болду деген суук кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым. Жалпы Кыргызстан элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөм. Жараткандан жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин тилейм», — деп айтылат президенттин көңүл айтуу катында.

Белгилей кетсек, 15-февралда Тоолуу-Бадахшан автоном облусунун административдик борбору Хорог шаарында кар көчкү түшүп, кырсыктан 16 киши каза болгону кабарланды.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты