Садыр Жапаров: «Тажикстан менен достуктун жана ынак коңшулук духунда кызматташууга дилгирбиз»

  • 1 год мурун

Президент Садыр Жапаров 19-майда Кытайдын Сиань шаарында өткөн “Борбор Азия – Кытай” саммитинде Кыргызстан эгемендик алгандан бери чек араларды жөнгө салуу маселелерин чечүүдө конструктивдүү мамиле кылып келе жатканын айтты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Биз Кытай Эл Республикасы жана Казакстан Республикасы менен биргеликте мамлекеттик чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин ийгиликтүү аяктадык. Өзбекстан Республикасы менен биргеликте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо маселеси ийгиликтүү жыйынтыкталды. Азыр өзбек кесиптештерибиз менен чек араны демаркациялоо иштерин бүтүрүү боюнча активдүү иш алып баруудабыз. Ушул эле багытта, достуктун жана ынак коңшулук духунда Тажикстан менен кызматташууга дилгирбиз”, — деди Жапаров.

Белгилей кетсек, бүгүн, 19-майда Сиань шаарында “Кытай — Борбор Азия” саммити өттү. Ага Борбор Азиядагы беш мамлекеттин – Кыргызстандын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Түркмөнстандын президенттери катышты.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты