Садыр Жапаров: «Тажикстан менен дагы сүйлөшүү жолдору аркылуу чек ара маселесин бүтүрөбүз»

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине берген кезектеги маегинде кыргыз-өзбек чек ара маселеси боюнча түшүндүрмө берди.

Анда ал Өзбекстан менен бүткөндөн кийин, Тажикстан менен дагы сүйлөшүү жолдору менен чек ара маселесин бүтүрүшө турганын айтты.

«Биз кошуналарыбыз менен ынтымакта жашашыбыз керек.

Түбөлүк ынтымакта, достукта жашайлы, бири-бирибизге керек болгон учурда жардам беришели деп Чолпон-Ата саммитинде келишимге кол коюштук. Биздин жакшы мамилелерибиз түбөлүк сакталыш керек. Анткени түбөлүк кошуна жашайбыз. Чек арага чекитти коюп алсак, достугубуз түбөлүк сакталат. Кандай гана маселелер болбосун бири-бирибиз менен сүйлөшүүлөр, макулдашуулар жолу менен гана эки тараптуу маселелер чечилип турат.

Чек араларыбыздын такталбагандыгынын кесепетинен чек арада кичине эле чыр чыкса, аскерлерибиз, жөнөкөй жарандарыбыз каза болуп кетип жатышат. Масштабдуу болуп кеткенден Кудай өзү сактасын. Ошондуктан, чек арага чекит коюшубуз керек!

Өзбекстан менен бүткөндөн кийин, Тажикстан менен дагы сүйлөшүү жолдору менен чек ара маселесин бүтүрөбүз», — дейт Жапаров.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты