Садыр Жапаров Тажикстан менен чек аранын 664 чакырымы такталганын билдирди

  • 2 года мурун

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров Тажикстан менен чек аранын 664 чакырымы такталганын айтып, тактоо иштери жай жүрүп жатканын белгиледи. Бул тууралуу ал «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

“Кыргызстан менен Тажикстандын ортосунда жалпысынан 972 км. чек ара тилкеси бар. Анын 664 км. тилкесин такташып бүттүк. 308 км. калды. Албетте, иштер тез жүрүп, баарын эртерээк такташып алсак жакшы болмок. Бирок менин көз карашымда иштер жай жүрүп жатат. Себеби, бир топ тилкелерде талаштуу жерлер калды. Эң негизгиси тынчтык болсо баарын эки тараптуу кызыкчылыкты эске алуу менен чечишип алабыз”,- деди президент.

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо боюнча эки өлкөнүн өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун соңку жолугушуусу 5-10-апрелде Тажикстандын Дүйшөмбү шаарында өткөн. Мындан көп өтпөй эле 12-апрелдин кечинде кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду. Саламаттык сактоо министрлиги кыргыз-тажик чек арасындагы соңку чыр-чатакта жалпы алты кыргызстандык жараат алганын билдирген.

Тажик тарап чырда жараат алган 27 жаштагы чек арачы 13-апрелде ооруканада каза болгонун кабарлаган.

Кыргыз-тажик чек арасындагы соңку жаңжалдан кийин тараптар үч ирет жолугуп сүйлөштү. Анда тараптар чек арага тартылган кошумча күчтөрдү жана каражаттарды кайра кайтарууну улантууну, бул чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө үчүн тиешелүү органдардардан турган комиссия түзүүнү макулдашкан. Ошондой эле күзөтчүлөрдүн каттамын тактоо үчүн эки өлкөнүн чек арачыларынан турган жумушчу топ түзүлөрү айтылган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты